
БЕШ УБАКЫТ НАМАЗ МУСУЛМАНДАР ҮЧҮН ПАРЗ
Жабраил алейхиссалам, Хатамул Анбия Мухаммад Мустафа саллаллаху алейхи васалламга өзүнүн милдетин тапшырып жатып, даарат алып жана даарат алдырып, эки рекет намазды чогуу окуу менен даарат жанан намазды үйрөткөн.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) пайгамбарлыгын биринчилерден болуп тастыктаган жубайы Хадичатул Кубра разияллаху анхага үйрөтүп, даарат алдырган. Андан соң имам болуп, азирети Хадича разияллаху анха менен эки рекет намаз окушту.
Бул мусулмандардын жамаат менен окулган алгачкы намазы.
Беш убакыт намаз хижраттан 18 ай мурда, Миъражда парз болгон.
Ага чейин: “Андай болсо, айткандарына сабыр кыл. Күндүн чыгышынан жана батышынан мурун Раббиңди зикир кыл. Күн чыга электе жана батканга чейин, түн ичинде тасбих айт, күндүз айланаңдагы ырахатка жетүүң үчүн” – деп Таха сүрөсүнүн, 130-аятынын маанисинде да, күн чыккандан жана батуусунан мурун, түнү намаз окуу парз болгону айтылып жатат.
Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) Миъражындан кийин түшүрүлгөн Ниса сүрөсүнүн 103-аятында: “Намаз мусулмандарга белгилүү убакыттарда парз болот” – деген маанидеги аяттын окүмүнө ылайык, намаз момундарга белгилүү убакыттарда парз болуп саналат.
Парз болушу жана аткаруу убактысы Китабуллах (Аллахтын китеби) менен белгиленген жана Расуулуллахтын сүннөтү жана Ижмаи Үммөт Хабибуллах менен бекитилген.
“Намазды күн баткандан түндүн караңгылыгына чейин жакшылап оку жана багымдат намазын оку. Күмөнсүз багымдат намазы күбөлөнгөн” Исра сүрөсүнүн 78-аятында беш убак намаз окуу буйрулган.
Аятта айтылган; “лидулуукиш-шамси” бешим жана аср намазы, “гасакил-лайли” шам жана куптан намазы, “куранал-фажр” багымдан намазы.
Ошентип, Аллах Таала аял-эркек жана бардык мусулмандарга, күнү-түнү беш маал намаз окууну парз кылды.